Москвадагы жол кырсыгынан каза болгон үч кыргызстандыктын өздүгү такталды

Автор -

Москвадагы жол кырсыгынан каза болгон үч кыргызстандыктын өздүгү такталды. Алар 26 жаштагы Б.улуу.М., 29 жаштагы К.З. жана 21 жаштагы Т.уулу.А.  Экөө россия жарандыгын алган.

Жол кырсыгынан улам каза тапкан кыргыздардын сөөгү мекенине жиберилет.

Жол кырсыгы фактысы боюнча учурда Москванын ИИБы тарабынан иштер жүрүп жатат. Бирок, кырсыкка күнөөлүү айдоочу өзү кошо көз жумганына байланыштуу кылмыш иши козголбойт. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, өлүм себептери такталат.

Белгилей кетсек, 18-июль күнү Москванын түштүк-чыгышында жол кырсыгы катталып, 3 киши ошол жерден каза тапкан. 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү