Москвадагы жол кырсыгынан үч кыргызстандык каза болду (Видео)

Автор -

Москвада кыргызстандык таксист эки жүргүнчүсү менен кошо жол кырсыгына кабылып, үчөө тең каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, кырсык Выхино районунда 18-июлда таңга маал болгон. Каза болгондордун экөө Орусиянын, бирөө Кыргызстандын жараны.

Ал эми Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов “Азаттыкка”: «Биз элчиликтин юристи менен ошол аймактын тергөө башкармалыгына бардык. Балдардын паспортторун алып, тек-жайын тактадык. Бирөө жалалабаддык жигит экен, анын туугандары табылды. Анын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү боюнча уруксат алдык. Эки кыргызстандык балдардын туугандары азырынча табылбай жатат. Экөө тең оштук жигиттер экен» ,-деп билдирген.

Кырсыкта каза болгон бирөөнүн сөөгү 19-июлда мекенине жөнөтүлөт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү