АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын лидери Хасан Роуханиге эскертүү берди. «Эч качан АКШны дагы коркутам дебегин, антпесе анын кесепетин тартасыңар», — деп жазды Трамп 22-июлда «Твиттердеги» барагына.
Андан бир нече саат мурда Роухани Трампты Иранга каршы саясат жүргүзбөөгө чакырган.
«Америка Иран менен тынчтык мамиледе болуу бардык тынчтыктын башаты экенин, Иран менен согушуу бардык согуштардын башаты экенин билиши керек», — деп билдирген Роухани жекшемби күнү өлкөнүн дипломаттары менен жолугушууда.
Президент Трамптын «Твиттердеги» эскертүүсүнөн эки саат мурда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеини жана башка диний лидерлерди кескин сындап, аларды «эки жүздүү ыйык кишилер» деп атаган.
Ал Ирандын өкмөтүн «мафия» деп атап, Кошмо Штаттар Иранга дипломатиялык, аскердик жана финансылык кысымды күчөтө турганын айткан.
АКШ Иран менен дүйнөнүн алты державасы кол койгон өзөктүк келишимден май айында чыгып кеткен. Келишимдин башка катышуучулары — Британия, Франция, Германия, Орусия жана Кытай бул макулдашууну сактап калыш керек экенин белгилеп келишет.
Келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын ооздуктап, эл аралык коомчулук бул өлкөгө киргизилген санкцияларды жеңилдетмей болгон.
To Iranian President Rouhani: NEVER, EVER THREATEN THE UNITED STATES AGAIN OR YOU WILL SUFFER CONSEQUENCES THE LIKES OF WHICH FEW THROUGHOUT HISTORY HAVE EVER SUFFERED BEFORE. WE ARE NO LONGER A COUNTRY THAT WILL STAND FOR YOUR DEMENTED WORDS OF VIOLENCE & DEATH. BE CAUTIOUS!
— Donald J. Trump (@realDonaldTrump) July 23, 2018