Бишкек мэрин шайлоо 8-август күнү өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги отурумунда белгилүү болду.
Эске салсак, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду кызматтан кетирүү токтомуна кол койгон.
Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Ибраимов УКМК тарабынан кармалган.