КСДП саясий партиясы Улан Эгизбаевдин мезгилсиз каза тапкандыгына байланыштуу көңүл айтты

Автор -

КСДП саясий партиясы таланттуу журналист Улан Эгизбаевдин мезгилсиз каза тапкандыгына байланыштуу көңүл айтты.

«Биз Улан Эгизбаевди таланттуу кесипкөй жана Кыргызстандын чыныгы патриоту катары билчүбүз. Адилеттүүлүгү жана принципиалдуулугу үчүн баалачубуз. Мекенге болгон сүйүү жана жакшылыкка, жаркын нерселерге умтулуу анын, жадагалса, эң эле курч макалаларында да башкы нерсе эле.

Бул баарыбыз үчүн оор жоготуу болду. Ал кайраты ашып-ташкан жаш куракта эле. Терең кайгыруу менен Улан Эгизбаевдин жакындарына жана туугандарына, ошондой эле «Азаттык» радиосунун жамаатына көңүл айтабыз. Ал жашоодо жарык из калтырды, анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталып калат».

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү