Балыкчыдагы катуу шамал имараттын чатырын учуруп кетти (фото)

Автор -

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 23-июлда катуу шамал болуп, Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан “AVEP” окуу борборунун чатырын учуруп кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, шамалдын ылдамдыгы секундасына 14-16 метрге чейин жеткен.

Шамал болжол менен 200 чарчы метр жыгач устундуу тунике менен жабылган чатырын учуруп кеткен. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү