Бүгүн Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Медина шаарына учуп кетишти (Фото)

Автор -
259

Бүгүн, 25-июлда Кыргызстандык  ажылардын алгачкы тобун узатуу салтанаты Манас-2  эл аралык аэропортунда өтүп, болочок ажыларды узатуу иш чарасына Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Эргешов Зайырбек Жолчуевич, 2018-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча штаб башчысы Жоробай ажы Шергазыев жана УРШ мүчөлөрү катышты.

Узатуу саамалыгынын алкагында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев ажылык учурунда Кыргызстандын жүзүн көрсөтүп, башка мамлекеттен келген ажыларга үлгү болууга чакырды. Муну менен катар ажылык учурунда улууларга урмат көрсөтүп, карыяларга көңүл бөлүүгө чакырды. Ал эми КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Кыргызстандык ажылардын аман-эсен кайтып келишин жана ажылык иштери бир топ алдыга жылып, ажылардын урматы менен мекенибизге кут келип жаткандыгын билдирди.

Муну менен катар узатуу иш чарасынын алкагында ар бир ажынын уюлдук телефонуна ажылардын коопсуздугу үчүн иштелип чыккан программа жүктөлүп, анын иштөө шарттары түшүндүрүлдү.

Ар бир учуучу топто 300 ажы сапар алышып, ар бир 300 ажыны 6 ажы башчы коштоп кетишүүдө. Ар бир ажыга аттануучу жаран учуу графигинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн 5 саат алдын аэропортко барып, каттоого даярдануусу зарыл.

Белгилей кетсек, ажылардын акыркы тобу 7-августта Ош-Жидда багыты боюнча Мекке шаарына жөнөшөт. Ар бир учуучу топто 300 ажы сапар алышып, ар бир 300 ажыны 6 ажы башчы коштоп бармакчы. Быйылкы жылы Бишкектен 6 рейс, Ош шаарынан 12 рейс болуп, жалпысы 18 рейсти түзмөкчү.

Алгачкы ажылардын тобун коштоп кеткен ажы башчылар:

Акматов  Кабылбек  Эгембердиевич

Нурдин уулу  Сүйүнбек

Кекебаев  Кенжебек  Дүйшөнович

Узеналиев  Сулумбек  Дилдебекович

Акимбай уулу  Равшанбек

Кадыров  Шамсиддин  Сайдуллаевич

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү