Бишкекте автобус менен жеӊил унаа катышкан жол кырсыгында 16 киши жабыркады (Видео)

Автор -

«Автобус менен жеӊил унаа катышкан жол кырсыгында 16 киши жабыркады»,-деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

«Жабыркагандардын бешөө гана ооруканага жаткарылып, калгандары даарыгердин кароосунан өткөндөн кийин үйлөрүнө жөнөтүлдү. Бишкек шаарындагы жаракат жана ортопедия борборуна бирөө, Чүй облустук оорукана төртөө жаткырылды»,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жол кырсыгы 25-июлда, эртең менен саат 8:00дөр чамасында Фрунзе менен Курманалиев көчөсүнүн кесилишинде болуп, Toyota Aristo жеңил автоунаасы менен №38 каттамдагы автобус кагышкан.

Sputnik Кыргызстан агенттиги кырсыктын видеосун жарыялады.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү