Алмазбек Атамбаев Матраимов боюнча сот чечимине пикирин билдирди

Автор -
Сүрөт: president.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Райымбек Матраимовге байланыштуу соттук чечимге пикирин билдирди.

“Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовду камоо чечими – бул “Райым-миллиондун” досторунун өч алуусу экени көрүнүп турат” деп эсептейт Атамбаев.

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовго Мамлкеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарды.

Эл ичинде «Раим миллион» атыккан Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматынан бошотулган. Өкмөт бул чечимди «анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатка каршы келет» деп негиздеген.

Быйыл апрелде ал «мени негизсиз жумуштан алды» деп өкмөттү сотко берген жана ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.

Мыйзам боюнча, райондук чечим акыркы деп эсептелбейт. Тараптар ага шаардык жана Жогорку сотто арызданууга укугу бар.

Бөлүшүү