Ташкентте Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин администрациясына милиция жана прокуратура кызматкерлеринин ишине нааразы болуп келген аядардын тобу кармалды.
Ташкенттик укук коргоочу Татьяна Довлатова билдиргендей, 23-июлда Өзбекстан президентинин администрациясынын алдынан отуздай аял кармалган. Алар укук коргоо кызматкерлеринин басымына даттанууну чечишкен.
«Яккасарай райондук милиция бөлүмүндө аларды алты сааттай кармап, андан соң бошотушту. Бирок алты аял “Бейбаштык” беренеси боюнча айыпталып, он күнгө камалды», – деди Татьяна Довлатова.
Кармалгандардын бири 23-июлда аялдардын тобу президенттин администрациясы жайгашкан Ташкенттеги Эгемендүүлүк аянтын көздөй багыт алышканын айтты.
“Президенттин кортежи аппараттын имаратына жакындаганда, биздин жолубузду милиция автобусу тосуп калды. Анан бизди ал автобуска түртүп киргизишип, милиция бөлүмүнө алып барышты”, –деди ал.
Укук коргоочу Татьяна Довлатова кармалган алты аялдын айрымдарынын чоо-жайын биле алган.
«Алардын биринин уулу түрмөдө өлүптүр. Аял баласын абакта катуу кыйнашкан деп эсептейт. Экинчи аял чет өлкөдө жашаган үй-бүлөсүнө кошулуу үчүн жылдар бою виза ала албай келет. Кармалган аялдардын жашы жете элек балдары бар. Мыйзамга ылайык, укук коргоо органдары үч жашка чыга элек балдары барларды камоого укугу жок», – деди Татьяна Довлатова.
Аялдар президент администрациясынын алдына чыкканга чейин өз көйгөйлөрү боюнча виртуалдуу кабылдамага кайрылышкан, бирок жыйынтык болгон эмес.