Бишкекте 23 жаштагы жигитти поезд сүзүп кетти

Автор -

Бишкекте жүргүнчү ташуучу поезд велосипед тээп бара жаткан баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты

Маалыматка ылайык, Некрасов менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинен 23 жаштагы жигит велосипед тээп бара жатканда, машинист поезд келе жатат деген белгини берген. Тилекке каршы баланын кулагында наушник болгондуктан эч нерсе укпай калган.

Жабырлануучу ооруканага жеткирилди.

 

Бөлүшүү