Бишкекте унаада шымы жок жаткан милиция кызматкери жумуштан бошотулду

Автор -
218

Бишкекте унаада шымы жок отурган милиция кызматкери жумуштан алынды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматтык текшерүүнүн натыйжасында анын мас абалында болгондугу аныкталган.

Жарандык активист Болот Ибрагимов Ички иштер министрлигинин кызматкери унаанын алдыңкы орундугунда шымы жок отурганын видеого тартып алган.