Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу  ыйык Мекке шаарына сапар алышты (Фото)

Автор -
210

Кыргызстандык болочок 300 ажы кечээ, 29-июлда Мекке шаарына алгачкылардан болуп сапар алышты. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, болочок ажылар заманбап автобустар менен жолго чыгышкан. Аларды Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө  штабдын  өкүлдөрү  тосуп алышат.

«Болочок ажылар ыйык Меккеге ихрамдарын байланып алып, сапар алышты. Бул Медина шаарына алгачкылардан болуп келген 300 болочок ажы. Эми күн сайын Мекке шаарына 300 болочок ажы сапар  тартып турат»,-деди жеринде Жигитали ажы Исмалилов.

Белгилей кетсек, 25-июлда Бишкек-Медина багыты боюнча Медина шаарына учуп кеткен.

Бөлүшүү