Чүй облусунда жеӊил унаанын айдоочусу жол тескөөчүлөрдүн унаасын сүзүп алды

Автор -

«Чүй облусунда «Хонда Стэпвагон» үлгүсүндөгү автоунаа жол тескөөчүлөрдүн унаасына урунду»,-деп билдирет Чүй ОИИБдин ЖКККБ маалымат кызматынан.

Маалыматка ылайык, окуя 29-июль күнү болгон. ЖКККБнын кызматкерлери жолдун боюнда радар менен иштеп жатышкан. Бул учурда «Хонда Стэпвагон» унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүлөр чатакташып, рулду өздөрүнүн тарабына тартып башташкан. Натыйжада «Хонда» тосмого, андан соң жол тескөөчүлөрдүн унаасына урунган.

«Хонда Стэпвагон» унаасынын айдоочусу күнөөнү өз мойнуна алды. Жабырлануучулар жок»,-деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү