Ош шаарынын мэри ажылык сапарга аттанган тургундар менен жолукту (фото)

Автор -
244

Бүгүн, 31-июлда Ош шаарынын мэри ажылык сапарга аттанган тургундар менен жолукту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынан ажылык сапарга аттанган мусулмандарды узатуу аземи болуп өттү. Ага шаар мэри Таалайбек Сарыбашов менен шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов катышты.

Калаа башчысы өз сөзүндө сапарга аттангандарга ак жол каалап, ыйык жерде мамлекеттин келечеги үчүн бата кылууну суранды.

 “Ажылык сапарга бараткандарга ак жол каалайм. Ажылыка да кудай каалаган адамдар барат. Ыйык жерде мамлекетибизге, элибизге бата кылыңыздар. Биз бактылуу элбиз..Өзүбүздүн мамлекетибиз, динибиз, маданиятыбыз, тарыхыбыз бар. Ажылык сапардан кайтканда да жолугушуу насип кылсын”,-деди шаар башчысы.

Ош шаарынан быйылкы жылдын эсебинен 332 адам ажылык сапарга аттанды.

Бөлүшүү