Кыргызстандык ажылар ажылык амалдарын аткарып бүтүштү

Автор -
402

Кыргызстандык ажылар ажылык амалдарын ийгиликтүү аткарышып, Мина өрөөнүнөн толугу менен Мекке шаарына кайтып келишти. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ажыларыбыз учурда кетүүгө камылга көрүшүүдө. 17-августтан 1-сентябрга чейин мекендештерибиз Жидда-Бишкек, Жидда-Ош жана Медина-Ош  багыттары боюнча өлкөбүзгө кайтышат.

 «Кыргызстандык ажылар ажылык амалдарын аткарып бүтүштү. Азыркы мезгилде 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабы ажылардын мекенибизге кайтуу рейстерин такташууда. Быйыл ажылык ишин жогорку деңгээлде уюштурууга бардык күч аракетибизди жумшадык. Ажыларыбыз мамлекет, элибиз, жерибиз үчүн дуа кылышып, Жараткандан жакшы тилектерди сурашты»
деди ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Замир каары Ракиев.
Бөлүшүү