Меккеде кыргызстандык ажылар үчүн атайын акысыз автобустар ишке киришти

Автор -
370

Мекке шаарындагы кыргызстандык ажылар үчүн атайын акысыз автобустар ишке киришти. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.Все записи

Маалыматка ылайык, учурда Мекке шаарынын Дауар Кудей районунда кыргызстандык ажылар 8 жатканага акысыз жайгашып, ажылыкка чейинки ибадаттарын аткарышууда.

«Ажылыр үчүн уюштурулган 8 автобус айланма жол аркылуу ажыларды мейманканадан ыйык Кааба мечитине алып барса, ал эми калган автобустар Кааба мечитинен өз амалдарын аткарып чыккан ажыларды мейманканаларга жеткирет», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө 6010 болочок ажы Мекке шаарында өздөрүнүн ажылыкка тиешелүү амалдарын аткарышууда.

Быйыл Сауд Арабиясы Кыргызстанга 6010 квота бөлүп берген.

Бөлүшүү