«Түркияда кыргыз келинди ажаткана жууганга мажбурлап, анын күйөөсүн катуу сабашты»,-деп Шах Алатович аттуу интернет колдонуучу жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя 29-июлда болгон. Анда Түркияда эмгектенип жүргөн кыргыз жаранын себепсиз, белгисиз эркек кишилер көчөдөн токтотуп алып, ажаткана жууганга мажбурлаган. Келинди коргогусу келген анын жолдошунун башын жарып, катуу сабашканы айтылат.
Ошо менен бирге интернет колдонуучу, бул окуяга байланыштуу топтолгон бир нече кыргыздар менен жергиликтүү калктын ортосунда массалык уруш чыкканын жазган.