Чүйдө 13 жана 11 жаштагы балдар изделүүдө

Автор -

Чүйдө 13 жана 11 жаштагы балдар изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, дайынсыз болгон балдар 30-июль күнү саат 16:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен.

13 жаштагы Курманбек Алмазбек уулунун бою 145-150 сантиметр, чачы кара, бетинде сепкили бар.

Кийип жүргөн кийимдери: кара түстөгү футболка, көк түстөгү жынсы шым жана бутуна кара слансы кийип жүргөн.

Ал эми 11 жаштагы Кутманбек Базарбаевдин бою 140-145 сантиметр.

Кийип жүргөн кийимдери: жол-жол майка, көк түстөгү чолок шым жана кара слансы кийип жүргөн.

Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери изделип жаткан балдарды көрүп-билгендер болсо, байланышып коюуну өтүнөт.

Байланыш телефондору: 0 (312) 36-35-27; 0 (701) 25-55-22.

Бөлүшүү