Кара-Көл шаарында жеӊил унаа жол кырсыгына учурап, бир адам каза болду

Автор -

Кара-Көл шаарында жеӊил унаа жол кырсыгына учурап, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 18:20 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 375-чакырымында (Сары-Булак тилкеси) “Тайота РАФ-4” үлгүсүндөгү унаа кырсыкка учураган.

«Жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болуп, 3 адам жеңил жаракат алышкан. Каза болгон жарандын сөөгүн унаадан чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү