Беларустун Кыргызстандагы биринчи элчиси каза болду

Автор -
263

Беларустун Кыргызстандагы биринчи ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Руцкий каза болду.  Бул тууралуу Беларустун Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Руцкий 1-августта Беларустун борбору Минск шаарында көз жумган.

Ал 1992-1993-жылдары Беларус Республикасынын министрлер кеңешинин Кыргыз өлкөсүндөгү туруктуу өкүлү болгон. 1993-1995-жылдары болсо аталган өлкөнүн ыйгарым укуктуу элчиси кызматын аркалаган.

Белгилей кетсек, Сергей Руцкий эстрада ырчысы Юлия Руцкаянын атасы.

Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги маркумдун жакындарына жана туугандарына көңүл айтат.