Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө карата сууда сүзүү боюнча мелдеш өтөт

Автор -

Бишкекте Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата КРнын Президентинин кубогу үчүн эл аралык сууда сүзүү боюнча мелдеш өтөт.

Маалыматка ылайык, турнир 28-29-августта “Дельфин” бассейнинде өтөт. Ачылыш аземине өлкөнүн эң мыкты суучулдары катышат.

Мелдеш FINA`нын эрежелери боюнча өткөрүлөт. Ар бир спортчу сүзүү ыкмасынын 3 дистанциясында (50, 100, 200 метр) башташы керек. Жеңүүчүнү топтогон упайына жараша аныкташат.

Иш-чараны өткөрүү максаты – суучулдардын чеберчилигинин деңгээлин жогорулатуу, сүзүүнү спорттун түрү катары популяризациялоо, эл аралык байланыштарды бекемдөө жана чемпионаттарга катышуу үчүн Кыргызстандын курама командасына эң мыкты суучулдарды тандоо.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү