Кыргызстандык мигранттардын Орусияда сатып алган жер тилкелерин тартып алышууда (видео)

Автор -

Орусиядагы 400дөй мигрант өлкө президентине жардам сурап кайрылды. Алар Тула облусунан үй салуу үчүн жер үлүшүн алышкан. Бирок жергиликтүү бийлик турак жай курууга берилген жердин макамын жокко чыгарып, жерди кайрадан айыл чарбалык керектөөгө аныктаган.

Бул жерден жер тилкесин сатып алган таксист Автандил документтерди база аркылуу текшерткенин, курулушка уруксат берилгенин билдирди. Ал жаңы салып жаткан үйүнө күзүндө кирүүнү пландап жаткан.

Туладагы Клищенко айлында бир нече кыргыз үй-бүлө үй куруп, той берүүгө үлгүргөн. Нургалы Кабылбеков бул жерге майда келген. Ал орус жарандыгын жети жыл мурун алган жана жеке менчик укугун коргоо үчүн соттошууга даяр.

Быйыл 29-июнда Заокский районунун депутаттар кеңеши 2016-жылы турак жай курууга берилген жердин статусун жокко чыгарган. Дээрлик жер тилкелеринин баарын кыргызстандык мигранттар алган, алардын жарымы – Орусия жарандары.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча бир катар коңшу айылдарда жер тилкелерин берүү боюнча коомдук угуулар өткөн эмес, буга байланыштуу башкы план жокко чыгарылган.

Мигранттарга Туладагы жер үлүштөрүн «Сотый километр» агенттиги саткан. Жаңжал башталгандан кийин компания кардарларга жер үлүшүнүн акчасын кайтарып бере баштады. Калган 350 кишинин маселеси каралууда.

Бул көйгөй боюнча эки өлкө тең так жооп бере элек. Мигранттар болсо куруп алган үйлөрүн сактап калабыз деп үмүттөнүшүүдө.

Бөлүшүү