«Ош-Тазалык» ишканасынын автобусу жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти

Автор -

Ош шаарындагы көчөдө бара жаткан жөө жүргүнчүнү «Ош-Тазалык» ишканасынын автобусу сүзүп кетти.

Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына ылайык, маркумдун өздүгү такталып, 53 жаштагы эркек киши жергиликтүү тургун экени аныкталган. Жабырлануучу оор жаракаттын кесепетинен ооруканага жетпей каза болгон.

Учурда бул окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.