Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Автор -

«2018-жылдын 2-август күнү  саат 15:14тө Кыргыз Республикасынын сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды»,-деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Кара-Көл шаарында, Токтогул районунун Көк-Бел айылында 3 баллга, Базар-Коргон районунун Арстанбап жана Косо-Терек айылдарында 2,5 баллга сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.