Бүгүн, 3 августта Беларустун Кыргызстандагы биринчи ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Руцкийди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, акыркы сапарга узатуу зыйнаты Баранович шаарында «Маданият сарайында» саат 12:00дө болуп өтөт.
Сергей Руцкий 1-августта Минск шаарында 67 жаш курагында каза болду. Ал Кыргызстандын Беларусиядагы тунгуч элчиси болгон. 1992-1993-жылдары Белоруссиянын Министрлер советинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү, ал эми 1993-1995-жылдары аталган өлкөнүн КРдеги элчиси болгон.
Белгилей кетсек, Сергей Руцкий 1-августта Беларустун борбору Минск шаарында көз жумган. Ал эстрада ырчысы Юлия Руцкаянын атасы.