Боом капчыгайында айдоочу рулду башкара албай, унаа оодарылып кетти

Автор -
486

«2018-жылдын 5-август күнү 16:23 чамасында Бишкек-Нарын- Торугарт унаа жолунун  Боом капчыгайында “Тайота-Марк II” үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып  оодарылып кеткен»,-деп айтылат маалыматта.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу 1949-жылы туулган П.В. жеңил жаракат алган. Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары барышып, айдоочуну тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү