Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды

Автор -

Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды. Анын мэр болушуна 43 депутат «макул», ал эми 1 депутат «каршы» добуш берди.

«Мага ишеним көрсөткөнүңүздөргө рахмат. Сиздердин ишеничти актоого аракет кылам. Шаарды өнүктүрүүгө болгон аракетимди жумшайм», — деп билдирди Суракматов.

Баса, шайлоо башталганга чейин Бишкек мэриясынын алдына жарандык активисттер мэриянын алдына чогулуп, шаардык кеңештин таркашын жана мэрди эл шайлоосу керектигин талап кылып миттингге чыгышты.

Белгилей кетсек, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду кызматтан кетирүү токтомуна кол койгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү