Ысык-Көлдө 4 унаа кагышкан кырсыктан айдоочу каза болуп, Франциянын жараны жабыркады

Автор -

Ысык-Көлдө 4 унаа кагышкан кырсыктан айдоочу каза болуп, Франциянын жараны жабыркады. ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жол кырсык кечээ, 7-августта саат 13:30 чамасында Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 89-чакырымында 4 унаанын («ВАЗ-2107», «Хонда Степвагон», «Фольксваген – Гольф», «Рено Дастер») катышуусунда болгон.

«Жол кырсыктан «ВАЗ-2107» унаасынын айдоочусу — 1992-жылы туулган И.С. каза болуп, унаадагы 37 жаштагы П.А. (аял киши) жабыркады. Ошондой эле «Хондадагы» франциялык эки жүргүнчү — 1994-жылы туулган К.А (аял киши) менен 1986-жылы туулган Д.А. (эркек киши) жаракат алган. Алар тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилди», — деп айтылат маалыматта.

ӨКМдин куткаруучулары каза болгон айдоочуну унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.