Кадамжайда жеңил унаа каналга кулап калды. Жол кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болгонун ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-августта саат 22:30 чамасында Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагынын Көл айылынан өткөн каналга жеңил унаа түшүп кеткен.
Маалыматка караганда, Кожо-Кайыр каналына «ДЭУ Тико» үлгүсүндөгү унаа (мамлекеттик номуру 03KG793ААК) кулап кеткен. Анын кесепетинен унаадагы 2 эркек адам – 1955-жылы туулган А.А. менен А.И. көз жумду.
ӨКМдин куткаруучулары унаанын ичинен каза болгон адамдардын денесин чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.