Чүй облусу менен Бишкек шаарынын бир катар бөлүгүндө газ өчөт

Автор -
202

Чүй облусу менен Бишкек шаарынын бир катар бөлүгүндө газ өчөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан маалымдашты.

Газ берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

— 10-августта саат 8:00-17:00 аралыгында Сокулук айылынын Ала-Арча, Ленин көчөлөрүндө;

— 13-августта саат 8:00-17:00 аралыгында Токмок шаарынын Береговая№55,57,59,61,63,65,67; Комсомольская №175,177,179,181,183,185; Казахстанская 50,52,54,56,58,60 көчөлөрүндө;

-13-15-августта Бишкек шаарынын төмөнкү райондорунда:

ВБЧК, Виноградная, темир жол (Путепроводная), Ауэзов, «Жанар» ЖЧКсы, «Реемтсма» ЖЧКсы, «Алтын Ажанар» ЖЧКсы, Чолпон-Ата көчөсүндөгү наабайканада, ТТС, курулуш бөлүктөрдүн комбинаты; Шабдан Баатыр 3,3/1,3/2;

— 13-15-августта Восток айылында.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү