Бишкек шаарындагы эт комбинатынан чыккан өрттү өчүрүү иштери жүрүүдө (фото)

Автор -

Бишкекте эт комбинаты өрттөнүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-августка караган түнү Бишкектеги Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан эт комбинатынан өрт чыккан.

«Өрттү өчүрүүгө саат 04:53төн баштап жалпы 5 өрт өчүрүүчү бөлүм жана куткаруучулар тартылды. Ошондой эле жерине ИИМ кызматкерлери жана «Тазалык» ишканасынан 4 суу ташуучу унаа тартылган. Кошумча маалымат берилет»,-деп айтылат маалыматта.

Министрликтин маалымат кызматы буга чейин «ун завод күйүп жатат» деп билдирүү тараткан.

Бөлүшүү