Чүйдө изделип жаткан 86 жаштагы тургун табылды

Автор -

Чүй облусунда изделип жаткан 86 жаштагы Герасим Москалев аттуу тургун табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Москалев 8-август күнү кечинде Бишкектин батыш тарабындагы Шлагбаум тараптан табылган. Анын эс-тутуму начар жана оң буту жок болуп майыптардын арабасында отургандыктан ал жакка кандай жагдайда барып калганы азырынча белгисиз. Учурда себеби такталып жатат.

Герасим Москалев 7-август күнү Аламүдүн районундагы Достук дачасындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп изделип жаткан.

Бөлүшүү