Казакстан: 52 өзбек жараны мерт болгон автобус кырсыгы боюнча сот кийинкиге жылды

Автор -

Өзбекстандын 52 жараны мерт болгон Казакстандын Актөбө облусундагы автобус кырсыгы боюнча ишти кароо кийинкиге жылдырылды. Буга адвокаттардын сотту Актөбө шаарында өткөрүү өтүнүчү себеп болду.

Иргиз райондук соту бул ишти 7-августта карап башташы керек болчу.

8-августта Актөбө облустук сотунун басма сөз кызматы адвокаттардын арызын облустук соттун кылмыш иштер боюнча соттук коллегиясы карай турганын билдирди. Райондук соттун имараты жайгашкан Иргиз айылы менен Актөбө шаарынын ортосундагы аралык 430 чакырымды түзөт.

Бул иш боюнча айыпталуучу катары беш адам өтүүдө. Алар авобустун үч айдоочусу жана «Азия транзит сервис» фирмасынын эки өкүлү — негиздөөчүсү жана механиги. Автобус айдоочулары 26-январдан бери Актөбөдөгү тергөө абагында отурушат. Компаниянын жетекчиси менен механиги белгилүү бир аймактан чыкпоо тилкатынын негизинде бошотулган. Автобустун ээсине болсо эл аралык издөө жарыяланган.

Өзбекстан жарандары бараткан автобус 18-январь эртең менен Актөбө облусундагы Иргиз трассасында өрттөнүп кеткен. Анда 52 киши мерт болуп, 5 киши аман калган. Расмий версия боюнча өрт автобустун салонун жылытуу үчүн каңдагыч лампа колдонуудан улам чыккан.

Бөлүшүү