КТРКнын журналистине орой мамиле жасаган мэрия кызматкери жумуштан бошотулду (Видео)

Автор -
519

КТРКнын кабарчысы Бурулай Пусурманкуловага орой мамиле жасаганы үчүн Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетектөөчү адиси Рустам Бейшеналиев жумуштан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым ылайык, Бейшеналиев өзү иштеген башкармалыктын жетекчисинин буйругу менен бошотулду.

«Кечээ «Ала-Тоо24» каналынын кабарчысы Бурулай Пусурманкулова эжеге орой мамиле кылган мэриянын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетектөөчү адиси Рустам Бейшеналиев Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын 2018-жылдын 9-августундагы №22-л буйругуна ылайык жумуштан бошотулду.
Аталган кызматкер Мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын Этика кодексинин №5 беренесин так аткарбагандыгына, ошондой эле норма этиканы сактабагандыгына байланыштуу этика комиссиясынын тыянагы менен бошотулду»- деп айтылат маалыматта.

Журналист Бурулай Пусурманкулова 8-августта «Фейсбуктагы» баракчасына видео жарыялаган. Анда Бишкек мэриясына караштуу Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын өкүлү, Рустам аттуу кызматкер журналисттерге катуу сөз айтып, кагып-силккени жана сөккөнү тартылып калган.