Сүлүктү шаарында каракчылыкка шектелип 20 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 6-август күнү саат 17:00 чамасында болгон. 32 жаштагы аялдын үйүнө 20-25 жаш чамасындагы кыз кирип ага жана анын 12 жаштагы кызынын мойнуна бычак такап коркуткан.
«Кылмышкер аялдын сумкасындагы 100 миң сомун жана кол телефонун тартып алып, окуя болгон жерден из жашырган. Бул факты боюнча Сүлүктү ШИИБдин кызматкерлери ыкчам аркеттерди көрүп, шектүү катары Сүлүктү шаарынын Кош-Булак айылынын 20 жаштагы тургун А.Ж. кармады. Ал таежесинин үйүндө жашынып жүргөн»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.