Коомдук транспорттор 1-сентябрда билим күнүнө карата окуучуларды бекер ташыйт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим аталган башкармалыктын коомдук транспорттор каттамын жүргүзгөн фирмалардын жетекчилери менен болгон жолугушууда кабыл алынды.