Бишкекте муниципалдык автобус айдаган 188 айдоочу сынактан кулады

Автор -

Бишкек жүргүнчү ташуучу автотранспорт ишканасынын 343 автобус айдоочусунун 188и сынакты тапшыра албай калды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Шаар бийлиги жүргүнчү ташыган коомдук унаалардын ишин көзөмөлдөөнү күчөттү. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсызоо максатында айдоочуларды кезексиз сынактан өткөрүшкөн. Анда алар жол эрежелерин сактоо, муниципалдык транспортторду башкаруу эрежелери боюнча тест тапшырышкан. Сынакта 343 айдоочунун ичинен 188и тиешелүү өлчөмдөгү балл ала алышкан эмес.

Сынактан өтө албай калган айдоочулар 15-16-октябрда кайрадан сынак тапшырып, ийгиликтүү өтүшкөн.

Мэрия борбор калаадагы жүргүнчү ташуучу автотранспорттордун айдоочуларын өз ишине кылдат мамиле кылууга чакырат.