Бишкектин борборундагы жардыруу боюнча кылмыш иши козголду (Видео)

Автор -

10-августта Бишкектин борборундагы  жардыруу боюнча “адам өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда милиция бул кылмышка шектүүлөрдү ыкчам издөө ишин жүргүзүп жатат. Азырынча кылмышка шектүүлөр кармала элек.

Белгилей кетсек, 10-августта Бишкектеги Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдында жарылуу болгон. Бул орусиялык ишкер Александр Гайдуковго кол салуу болушу мүмкүн экени айтылган.Жардыруудан эки адам жабыркаган. 

Интернетте окуя болгон үйдүн байкоо камерасына тартылган тасма тарады. Анда ал үйгө орусиялык ишкер Александр Гайдуковго түспөлдөш адам эки-үч кишинин коштоосунда кирип келе жатканда жанындагы көчөткө илинген белгисиз зат жарылганын көрүүгө болот.

Александр Гайдуковго былтыр да дал ушул үйдүн алдында кол салуу болуп, бирок кылмыштын бети ачылган эмес.