Курман айт майрамы 21-августта белгиленет. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Кечээ, 12-августта Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан Кыргызстандыктар Курман айт майрамын 21-августта, ал эми 20-августта арапа күнүн белгилешет.
Бул күнү ажылык милдеттерин өтөп жүрүшкөн мекендештерибиз ыйык Мекке шаарындагы Арафат өрөөндө болушат.
Мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири Курман айт Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин болот. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет. Майрамдын аталышы араб тилинен которгондо “курмандык чалуу майрамы” дегенди билдирет. Бул майрамда мусулмандар кой, уй же төөнү союшуп, дасторкон даярдашып, бири-бирин коноктошот.