Нарын шаарында куюн аралаш шамал 7 турак үйдүн чатырларын учурду (фото)

Автор -

«Нарын облусунун Нарын шаарында 2018-жылдын 12-август күнү саат 12:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 16 метрге чейин жеткен куюн аралаш шамал катталып, 7 турак үйдүн чатырларын учурган»,-деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепеттерин жоюуга КР ӨКМнин Нарын шаардык 16-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмунөн 8 куткаруучу жана райондук Жарандык коргонуу(ЖК) комиссиясы тартылган.

13-август күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иштери жүргүзүлөт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү