Бишкекте маршруттук такси 11 жаштагы баланы сүзүп, ал алган жаракатынан улам ооруканада каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 17-августта Фрунзе жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 281-маршруттук таксинин айдоочусу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан баланы сүзүп кеткен.
Учурда тергөө иштери уланууда.