Бишкектеги Токтоналиев көчөсү оңдоо иштерине байланыштуу 2 айга жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 17-августтан тарта Токтоналиев көчөсүнүн Масалиев жана Ахунбаев көчөлөрүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул учурда Айтматов проспектиси альтернативдүү жол болмокчу.
Оңдоп-түзөө иштери 2 айга созулуп, 17-октябрда колдонууга берилет.