Ошто дайынсыз жоголгон өспүрүм кыздар табылды

Автор -

Ошто дайынсыз жоголгон эки өспүрүм кыз – Роза менен Гүлбара Бишкектеги Жал кичи районунан табылган. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнен кабарлашты.

Кыздардын айтуусунда, алар “ойногону” келишкен, телефондору болсо өчүк. Учурда текшерүү иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, алар 10-августта болжол менен саат 10дор чамасында үйдөн чыккан боюнча кайтып келишкен эмес. Акыркы жолу аларды чогу “Ак-Буура” эс алуу жайынан көрүшкөн.

Бөлүшүү