Ош шаарында таза суунун убактылуу токтотулушунун себеби айтылды

Автор -

«2018-жылдын 13-август күнү «Папан» суу сактагычынан жогору жайгашкан капчыгайда сел жүрүп, таза суу менен ылайка суу аралашып «Ак-Буура» дарыясынын суу ылайкалыгы 5200 мг/литр болуп, ылай сууну тазалоо жана суу түтүктөргө берүү мүмкүнчүлүк болбой калган. Натыйжада шаарга таза суу берүү 5:30да мажбур токтотулган. Бирок, 14-август саат 05:15те суу шаардыктардын колдонуусуна берилген»,-деп билдирди Ош шаарынын маалымат кызматы.

Дарыядагы суунун ылайкалыгы азайып, нормага түшкөндө таза сууну бериле баштайт, себеби жашоочулар 1 сутка таза суусуз калышты. Бирок «Ошшаарсууканал» ишканасы 2018-жылдын 13-августунда эрте мененки саат 05:50 дө ыкчам түрдө соцтармактар (Вотсап жана Фейсбук) аркылуу эскертүү жана билдирүүлөрдү тараткан.

Ош шаарынын «Курманжан Датка», «Манас Ата» аймактык кеңештерин жана «Туран», «Калинин», «Достук» массивтерин таза суу менен камсыз кылуу жер алдынан алынуучу булактар аркылуу камсыз болгондуктан, таза суу берүү токтотулган эмес.

Дарыянын суу ылайкалыгы жогору болуп, таза сууну шаарга берүү токтотуу – бул биринчи көрүнүш эмес, себеби Ош шаарынын 70-75 пайызын таза суу менен камсыз кылуу ачык типтеги суу булагынан (Ак-Буура дарыясы) жүргүзүлөт.

Шаардын жашоочуларынын саны күндөн-күнгө көбөйгөндүктөн, жашоочуларды таза суу менен жаан-чачын мезгилде үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн, бир нече жолу «Ак-Буура» дарыясынын жээгине дренаждык курулуш куруу маселеси каралган.

Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланган «Шашылыш жардам» долбоорунун алкагында курулуган узундугу 300 метр болгон дренаждык курулуш долбоор боюнча 0,8 м3/сек. суу алуу каралган, бирок бүгүнкү күндө болгону 0,2 м3/сек. суу келип жатат. Себеби жер алдынан чыккан суунун аздыгы.

Аталган маселени чечүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, жашоочуларды үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу максатта, суу алуучу тосмону сел агып түшкөн жылгадан жогору жака жылдыруу жана Кызыл-Кыштак жылгасынан «Плотина» суу алуучу тосмосуна чейин аралыгы 2,4 км. Ø1200 мм болгон эки суу түтүгүн куруу чечими кабыл алынган. Бул чечим ишке ашкан учурда, жаан-чачын мезгилде шаарды 75-80 пайыз таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Учурда долбоор (проектно-сметная документация) даярдалган, аталган курулушка болжол менен 5,0 млн. АКШ доллары керектелет. Каржы маселеси каралып жатат.

Ал эми “Достук” аймактык кеңешиндеги көлөмү V=6000м3 болгон экинчи таза суу кампасы 2016-жылы курулуп бүтүп ишке берилген. Таза суу кампанын максаты, суу түтүктөрдөгү басымды жогорулатып бир калыпта кармап туруу, таза суунун запасын көбөйтүү жана авариялык учурларда (суу түтүгү жарылуу же ѳрт чыккан учурда) сууну жѳнгѳ салуу.

Суу кампалар аркылуу камсыздалуучу кичи райондор: Анар, Тѳлѳйкѳн, Черемушки, Кулатов, Ак-Тилек, СМУ-ТТ. Таза суу кампасы ишке берилгенден баштап азыркы күнгѳ чейин штаттык режимде иштеп келет.

Бөлүшүү