Өзбек бийлиги мечитте айтылган баяндарга көзөмөл жүргүзүүдө

Автор -

Ташкенттеги айрым мечиттердин имамдары Курман айт күнү Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан даярдалган үгүт-насааттарды айтышкан. “Азаттыктын” өзбек кызматына кайрылган имам “чоңдордун” буйругун аткарууга мажбур болгонун билдирди.

Ташкенттеги «Чупонота» мечитинин өкүлү маалымдагандай, Өзбекстан Мусулмандар дин башкармалыгы өлкө мечиттеринде айтыла турган насааттарга кайрадан көзөмөл жүргүзө баштады. Быйыл февралда муфтияттын төрага орун басары Айдарбек Тулепов кызматтан алынгандан кийин жума күнкү баяндар аз убакыт өзбек бийлигинин көңүл сыртында калган.

Өзбекстан Мусулмандар дин башкармалыгы 2039 мечиттин имамына жума күнү айтыла турган насааттардын бирдей мазмуну жөнөтүлгөнүн мойнуна алды. Муфтият өкүлү муну имамдар жетишээрлик деңгээлде диний билимге ээ эмес экени менен түшүндүрдү.

Акыркы эки айда муфтият өз насааттарында такталбаган маалыматтарды тараткан бир нече имамды иштен бошоткону айтылууда.

Ташкенттин 56 жаштагы тургуну Камариддин Курбанов Өзбекстандагы мусулмандардын көбү муфтият тарабынан даярдалган зериктирме баяндарды угууга мажбур болуп жатканына даттанды.

Бөлүшүү