Караколдо Toyota оодарылып, атасы менен уулу жабыркады

Автор -

Каракол шаарынан алыс эмес жерде жол кырсыгы катталып, атасы менен уулу жабыркады. Бул тууралуу Ысык-Көл облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 27-августта болгон. 58 жаштагы адам өзүнүн 11 жаштагы уулу менен “Тойота” үлгүсүндөгү унаада кетип бара жатып, унаасын башкара албай жолдон чыгып кеткен. Ал оодарылып, айдоочу жана жүргүнчү ооруканага жеткирилген.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү