Кыргызстандык спортчу Дарья Маслова бүгүн экинчи алтын медаль үчүн күч сынашат

Автор -
249

Бүгүн, 28-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында спорттун 29 түрү боюнча мелдештер уланып, 19 медалдар топтому ойнотулат.  Бул туурасында Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык спортчулар жеңил атлетика жана күрөш боюнча мелдештерге катышат. Жеңил атлетика боюнча мелдеште  Дарья Маслова экинчи алтын медалды утуп алууга аракет жасайт. Ал 5 миң метр аралыктагы жарышка катышып, 14 спортчу менен күч сынашат.

Буга чейин Дарья Маслова 10 миң метр аралыктагы жарышка катышып, алтын медалдын ээси болгон.

Бөлүшүү