Дарья Маслова жеңил атлетика боюнча ачык чемпионатта жеңүүчү аталды

Автор -

Кыргызстандык Дарья Маслова Беларуста өткөн жеңил атлетика боюнча ачык чемпионатта жеңүүчү аталды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги машыктыруучу Виктор Борисов шилтеме берип билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 29-августта Минскте өттү. Аялдар арасында 10 миң метрге чуркоо боюнча 9 спортчу катышты. Дарья Маслова аралыкты 32 минута 21 секундда чуркап өттү.

Эске салсак, июлда Дарья Маслова Беларус кубогунда жеңүүчү аталган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү