Беларусиядагы мелдеште Дарья Маслова алтын медаль тагынды

Автор -

Беларусияда өткөн жеңил атлеттер арасындагы биринчиликте кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова алтын медаль тагынды.  Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Маслова 5 миң метр аралыкта чуркап, 15:55.59 убактысында биринчи маарага келген.

Ошондой эле, кыргызстандык Мусулман Жоломанов 1500 метр аралыкта жүгүрүп, 2-орунду багынтты. Анын убактысы – 3:49.53.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү